• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ноокен районундагы социалдык шаарчанын курулушу 90 пайызга аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айылындагы 100 батирлүү социалдык турак жайлардын курулушу 90 пайызга аяктап, соңуна чыгуу алдында турат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 8-февралда шаарчадагы иштердин жүрүшү менен облус башчысы Абсаттар Сыргабаев таанышып чыкты.

Облус өкүлү айылдагы коомдун аялуу катмарындагы муктаж, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер үчүн бул ири долбоордун алкагында курулган социалдык турак жайларда, бардык заманбап шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Мында муктаж жарандар үй менен камсыз болуп, жумуш орундары да каралган. Учурда шаарчада 100 орундуу тигүү ишканасын жана нан бышыруучу цехтин курулушу да аяктап калды. Ага катар ФАП, мечит, дүкөн жана кичи футбол аянтчасы да бар.

Демилге "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып, жергиликтүү бийлик тарабынан социалдык шаарчага 3 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий