Бишкек, 04.11.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Улуттук өнүктүрүү форуму - 2024: Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” иш-чарасы өтүп жатат.
Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Янмин Ян, БУУнун Кыргызстандагы координатору Антье Граве жана башка эл аралык уюмдар, элчилер жана мамлекеттик органдын өкүлдөрү катышууда.
Оболу иш-чараны минкаб төрагасы Акылбек Жапаров ачып, ал адамдык капиталды өнүктүрүүдөгү негизги артыкчылыктарга жана өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясына токтолду.
“2030-жылга чейин биз мамлекеттик активдерди башкаруунун алдыңкы методдорун ишке киргизүүгө, инвестиция тартуу үчүн платформаны өнүктүрүүгө, дүйнөлүк фонд биржаларына чыгууга жана ИДПнын деңгээлин дагы эки эсеге жогорулатып 30 млрд долларга жеткирүүгө ниеттенебиз. Биз экономикалык жана социалдык реформаларды улантуубуз керек. Бирок бул аракет коллективдүү болуп, ал эми ийгилик жалпыбыздыкы болугууга тийиш”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Иш-чаранын жүрүшүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова сессияда сөз сүйлөп, ал өлкөдөгү миграция, татыктуу эмгек маселелерине токтолду.
“Татыктуу эмгек бул жөн эле жумуштун болушуна гана эмес, адилеттүү эмгек акы, коопсуз эмгек, жумушчулардын укугун сыйлоо, алардын социалдык жактан корголушуна шарт түзүүнү камтыйт. Биздин өлкөнүн алдында глобалдык максаттарга мүмкүн болушунча жетүү аракети турат”, – дейт министр.
Форумдун негизги максаты – адамдык капиталды өнүктүрүү жаатында бардык кызыкдар тараптардын аракеттерин координациялоо үчүн бирдиктүү платформа түзүү. Санариптик доордо билимдин жана көндүмдөрдүн ролуна көңүл буруу менен коомдун алдында турган негизги көйгөйлөрдү аныктоо. Ошондой эле келерки жылдагы өкмөттүн саясатын, анын ичинде адамдык капиталды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди жана стратегияларды жарыялоо жана талкуулоо саналат.
Атай кетсек, иш-чара “Адам капиталы өнүгүүнүн драйвери катары”, “Адамдык капитал: Убакыт боюнча суроо-талаптын сапаты”, “Потенциалды ачуу: Адамдык капиталды өнүктүрүү үчүн көндүмдөр жана билим берүү”, “Глобалдык чакырыктар жана перспективалар”, “Күчтүү адамдык капитал үчүн дени сак улут” аттуу сессияларды камтыйт.
Пикир
Оставить комментарий