Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Бишкекте аялдама комплекстердин аймагын көрктөндүрүү уланууда.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде аялдама менен тирөөчтөрдү демонтаждоо иштери башталды.
Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде:
- аялдама комплексинин чөнтөгү 3,5 метрге кеңейтилди;
- жол бордюрларын орнотулду;
- асфальт-бетон аралашмасын төшөлдү.
Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинин түндүк-чыгыш тарабында:
- аялдама комплекси 50 погондук метрге кеңейтилди;
- аялдаманын аймагы 6 метрге жылдырылды.
Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде:
- аялдамага асфальтбетон аралашмасын төшөө иштери жүрүүдө;
- жакында комплекстин өзүн орнотуу иштери башталат.
Иштерди "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө.
Пикир
Оставить комментарий