• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Саясий серепчи: Сөз эркиндигин пропаганда жана чакырыктан айырмалай билүү керек

Коом 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Саясий серепчи Бакыт Бакетаев сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын 50 позицияга төмөндөп кетишине комментарий берип жатып, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөдө биринчи орунда экенин белгиледи.

Анын айтымында, сөз эркиндиги – бул адамдын жан дүйнөсүнүн абалы.

"Кыргызстанда ар ким каалаганын айта алат жана алардын кебинде массалык башаламандыкка чакыруу жана башка мыйзамсыз аракеттер сыяктуу кылмыш белгилери жок болсо, аны эч ким жазалабайт.

Президенттин, өкмөттүн жана башка органдардын ишин ачык сындасак болот. Кыргызстанда блогерлер губернаторлор менен министрлерден отчет алышат. Ал эми аткаминерлер жасалып жаткан иштерди ачык айтып жатышат. Бул сөз эркиндиги эмеспи?", - деп суроо салды ал.

Сөзүн улай Бакетаев сөз эркиндиги, үгүттөө жана ар кандай кайрылуулардын ортосунда чоң айырма бар экенин белгиледи.

"Сөз эркиндиги – бул ойду эркин билдирүү. Ошол эле учурда бул таңуулоо, бир нерсеге чакыруу же бир нерсени үгүттөө эмес. Бул түшүнүктөр көбүнчө бири-бири менен чаташтырылган. Менимче, мындай рейтингдерди чыгаргандар изилдөө методологиясын кайра карап чыгышы керек. Булар саясатташкан уюмдар экен деген ой пайда болот", - деди Бакетаев.

Сөзүнүң соңунда саясий серепчи сөз эркиндиги Кыргызстандын Конституциясында жазылганын айтты.

"Бизде сөз эркиндиги биздин Конституция менен корголот. Кыргызстандыктар өз оюн ачык айтып келишкен жана айтып жатышат. Эң негизгиси сөз эркиндигин пропаганда жана чакырыктан айырмалоо керек. Мен дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болдум, түшүнгөн адам катары айта кетейин, Кыргызстандай сөз эркиндиги дүйнөнүн бир дагы жеринде жок", - деп жыйынтыктады Бакетаев.

Пикир

Оставить комментарий