• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте аялдардын республикалык форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте «Биз биргебиз» аталышындагы аялдардын республикалык форуму өттү.

Парламенттен билдиришкендей, форумга Жогорку Кеңештин айым депутаттары Айсаракан Абдибаева, Шарапаткан Мажитова, Винера Раимбачаева, Динара Ашимова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Лейла Лурова жана Жылдыз Садырбаева катышты.

Ошондой эле иш-чарага өлкө аймактарынан келген айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттары, активист айымдар да келип, коомдук пикир алмашуу жүрдү.

Жолугушууда соңку убакытта коомчулукта резонанс жаратып жаткан кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук маселеси өзгөчө талкууга алынды. Андан тышкары, гендердик теңчилик, өлкөнүн социалдык, экономикалык жана саясий турмушунда аялдардын орду тууралуу кеңири маалыматтар айтылды.

«Кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук күч алганы өкүндүрөт. Баарыбыз биргеликте иштебей жаткан мыйзамдардын аткарылышын талап кылып, резолюция кабыл алышыбыз керек», - деди депутат Шарапаткан Мажитова.

Пикир

Оставить комментарий