• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токтогул районунда компьютердик томография борбору ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 30-январда Токтогул шаарындагы жалпы дарыгерлер практика борборунун базасында компьютердик томография борборунун ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Компьютердик томогорафия аппаратын орнотуу "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасы" долбоорунун алкагында ишке ашты, аппараттын баасы 600 миң долларды түзөт.

Ачылышка Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Назгүл Ибраева, "Шаньшуй Силк Роуд" ЖЧКсынын директору Чжоу Минь, "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасы" долбоорунун директорунун орун басары У. Данилбеков, Жалал-Абад облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы, саламаттыкты сактоо тармагынын координатору К.Байдавлетов, КР медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондусунун Жалал-Абад облусу боюнча директору А.Самарбеков, район аким А.Тюкебаев жана Токтогул ЖДПБнун медицина кызматкерлери катышты.

Белгиленгендей, компьютердик томография аппараты "Шаньшуй Силк Роуд" ЖЧКсы тарабынан орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий