• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жети-Өгүздө жер титирөөдөн сактануу боюнча машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Бүгүн ӨКМдин Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Кызыл-Суу айылындагы мектепте жер титирөөдөн сактануу боюнча машыгуу өткөрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, машыгуу учурунда мектеп окуучулары жана мугалимдери коопсуз жайга эвакуацияланып, "Кызыл жарым Ай" коомунун ыктыярчылары жабыркаган жарандарга биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын көрсөтүштү.

Ал эми ӨКМдин адистери жер титирөөдөгү, өрт, суу жана башка кырсыктардагы коопсуздук эрежелери боюнча маалымат беришип, атайы видео материалдар менен кеңири түшүндүрүштү

Белгилей кетсек, Кызыл-Суу айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан LED экранга жогоруда аталган коопсуздук эрежелерин камтыган видео күнү-түнү көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий