• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облустук милициясына жаңы унаалар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына 2023-жылы чыккан “Шевроле Кобальт” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар тапшырылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ушул жылдын аягына чейин заманбап талаптарга жооп берген материалдык-техникалык каражаттарды алып, ыкчам кызматтык ишмердикти дагы бекемдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгы белгиленген. Анын натыйжасында өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун сактоо үчүн мамлекет жана демөөрчүлөр тарабынан атайын унаалар бөлүнүп берилген.

Кызматтык автоунаалар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук милиция бөлүмдөрүнө бөлүндү.

Ошондой эле “Коопсуздук-2023” биргелешкен машыгууга жигердүү катышкандыгы, мыкты даярдыгы, көрсөткөн жогорку кесипкөйлүгү жана чеберчилиги менен аскердик жана укуктук тартипти жогорку көрсөткүчтү көрсөткөндүгү үчүн бир катар кызматкерлер ардак грамоталар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий