• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте бир айда лифттердин көйгөйлөрү боюнча 147 кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасына май айында 147 арыз келип түшкөн.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен 106 муниципалдык лифттерден, ал эми мунципалдык эмес лифттерден 36 кайрылуу болгон. Лифтерлор тарабынан 5 жүргүнчүгө эвакуация жасалган.

Мындан тышкары, ишкананын адистери лифттердин абалын жана алардын иштөө мөөнөтүн карап текшерүү жүргүзүштү.

"Бишкектин 5-кичирайону, №82 үй, 7-кичирайону, №35үй, Түштүк-2 №29,30,31,32 турак жай үйлөрү, Сүйүмбаев көч. №14.18, Чыгыш-5 кичирайонуну, №1 даректеринде кароо иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясынан белгилешкендей, лифттердин иштөөсүндө кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса «Бишкекшаалифт» ишканасынын лифттик авариялык кызматына кайрылууга болот: Тел: 43-78-48

Пикир

Оставить комментарий