• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

ТИМ: Екатеринбург шаарында изделип жаткан кыргызстандык өспүрүм табылды

Коом 0

Бишкек, 24.04.23 /Кабар/. Екатеринбург шаарында изделип жаткан кыргызстандык өспүрүм табылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда өспүрүм ата-энеси менен үйүндө.

"Баланын жакындары, Кыргызстандын Башкы консулдугу милиция кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана жашы жете элек кыргызстандыкты издөөгө катышкан баардык жарандарга ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, КР ТИМи кечээ, 23-апрелде Екатеринбуг шаарында 21-апрелде мектепке чыгып кетип, кайра үйүнө кайтып келбеген кыргызстандык өспүрүм изделип жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий