• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан боюнча эң көп китепкана Чүй облусунда жайгашкан — сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. 2022-жылы Кыргызстандын аймагында ар түрдүү типтеги жана түрдүү багыттагы миңден ашык китепкана эсепке алынган. Алардын эң көбү (210 китепкана) Чүй облусунда жайгашкан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата даярдаган маалыматында айтылат.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун Башкы Конференциясынын 23-апрелди жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын эске алып, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Кыргызстанда Китеп күнүн белгилөө бекитилген.

Республикада кыргыз тилиндеги алгачкы басма органы 1920-жылдардын орто ченинде түзүлгөн, ал эми китептерди жана китеп продукцияларын басып чыгаруу андан тышкаркы чектерде жүзөгө ашырылган. 1926-жылы гана Кыргыз мамлекеттик басма иштери башкармалыгынын чогулушунун чечими менен «Кыргызмамбас» («Киргосиздат») басмасы негизделген. Ал эми 1966-жылы ишке киргизилген Кыргыз полиграфиялык комбинаты республиканын китеп басып чыгаруу ишин өнүктүрүүдө жаңы этапты ачкан.

2022-жылы Кыргыз Республикасында 1 367 нуска китеп жана брошюра басылып чыгарылган, алардын жарымынан көбү кыргыз тилинде чыккан. Китептердин жана брошюралардын жылдык тиражы 1,6 млн. нускадан ашкан. Республикада 1000 адамга 250 басылып чыгарылган китеп туура келет.

2022-жылы республиканын аймагында ар түрдүү типтеги жана түрдүү багыттагы миңден ашык китепкана эсепке алынган. Алардын эң көбү (210 китепкана) Чүй облусунда жайгашкан.

Жалпыга жеткиликтүү китепканалардан сырткары мектеп китепканалары, жогорку жана орто окуу жайлардын китепканалары, медициналык, техникалык, айыл чарба китепканалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясына таандык китепканалар иш жүргүзүшөт.

Республиканын китепкана фонду 2022-жылы 19 миллиондон ашык нускадагы китептерди жана брошюраларды түзгөн.

Китепканалардын кызмат көрсөтүүлөрүн (мектеп китепканаларын кошпогондо) миллиондон ашык адам колдонгон.

Пикир

Оставить комментарий