• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте айрым маршруткалардын каттамы убактылуу өзгөрөт. Себеби

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Бишкекте айрым маршруткалардын каттамы убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртеңден тарта Бишкектин Асаналиев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө канализациялык коллекторду куруу иштери башталат, буга байланыштуу аталган көчөдө унаа кыймылы токтотулат.

"19-февралдан 19-мартка чейин №222, 260, 107, 204, 227, 176, 161, 133, 136, 135, 134 маршруттук каттамдардын кыймыл чиймелери өзгөрөт", - деп белгилешти мэриядан.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, ошондой эле шаар тургундарынан алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий