Бишкек, 24.08.2017. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекке Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча өтүп жаткан эл аралык форумга катышуу үчүн 12 өлкөнүн өкүлдөрү келишти.
Форум расмий түрдө эртең, 25-августта КРнын президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылат.
Делегаттардын катарында: Ооганстан, Кытай, Индия, Казакстан, Монголия, Пакистан жана Тажикстандын өкүлдөрү бар.
Пикир
Оставить комментарий