• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте ак калпак күнү белгиленүүдө (Сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 05.03.18. /Роман Гайнанов – Кабар/. Кыргызстанда ак калпак күнү белгиленүүдө.

Бүгүн Бишкектин көчөлөрүнө студенттер, активдүү жаштар жана шаар тургундары чыгышты. Улуттук баш кийим болгон –Ак калпакты чиновниктер жана мамлекеттик ишмерлер кийишти.

Шаар тургундарынын айтуусунда, буга чейин көчөдө ак калпак кийген элдер мынчалык көп болгон эмес.

“Бул абдан жакшы майрам, негизи мен ар дайым эле калпак кийип жүрөм. Биз бүгүн бардыгыбыз көчөгө чыктык”,-деп билдирди Бишкектин тургуну Бакыт Абдраимов.

Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.

Пикир

Оставить комментарий