• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстан жана Түркия интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаева баштаган делегация Түркияга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-апрелде Анкара шаарында Рахат Керимбаеванын Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар жана ТИКАнын вице-президенти Али Озгун менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар STEAM билим берүү, аялдардын ойлоп табуучулугу жаатында, жалпы билим берүү мекемелериндеги инновациялык класстарды техникалык жактан камсыздоо жана мектептердин мугалимдери үчүн атайын тренингдерди уюштуруу боюнча кызматташууну макулдашты.

Ушул эле күнү Кыргызпатенттин директору Түркиянын патенттик ведомствосунун президенти Джемиль Башпинарга жолукту.

Түркиянын патенттик ведомствосу менен өнөр жай менчигин коммерциялаштыруу, эксперттерди кадрдык жактан даярдоо, алардын тиешелүү квалификациялык деңгээлге жетүүсүн колдоо, географиялык көрсөткүчтөр, товардык белгилер жана товар чыгарылган жердин аталышы сыяктуу объектилер боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууга алынды.

Натыйжада тараптардан келип түшкөн сунуштарды кароо жана ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын түзүү макулдашылды.

Мындан сырткары, Кыргызпатенттин делегациясы 5-6-апрель күндөрү Анкара жана Стамбул шаарларында жайгашкан Түркиянын автордук укук, технологиялар жана инновациялар жаатындагы бир топ мекемелери менен жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий