• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте акын Эгемберди Эрматовдун 70 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бишкектеги Абдылас Мадыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында 15-декабрда Кыргыз Республикасынын эл акыны Эгемберди Эрматовдун 70 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы кабрлайт.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Салтанат Аманова, акындын санаалаштары жана жакындары катышты.

Эгемберди Эрматов Кадамжай районундагы Пум айылында 1951-жылы 10-июлда туулган.

Орто мектепти Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернаттан бүтүргөн.

1970–1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1970-жылы Ош педагогикалык окуу жайын, 1979-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.

Э. Эрматов «Кыргыз руху» гезитинде, «Мурас», «Тулпар» журналдарында иштеген.

Чыгармалары 1970-жылдан тарта басма сөздө жарыяланып, биринчи ырлар жыйнагы «Ак дил» деген ат менен 1979-жылы басылып чыккан. Акын «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептердин, «Мухаммед пайгамбар» деген дастандын, «Аксаткын менен Кулмырза» драмасынын автору. Чыгыш акындарынын көбүн кыргыз тилине которгон.

1984-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны.

2009-жылга чейин Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы педагогикалык институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак берген.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 2013-жылдын 29-апрелинен тартып мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп иштеди.

Эгемберди Эрматов 2017-жылдын 24-январында 66 жашында каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий