• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Валентина Шевченко UFC уюмунун салмактан тышкаркы рейтингинде биринчи сапка чыкты

Спорт 0

Бишкек, 16.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун кыз-келиндер арасында мыкты мушкерлердин салмактан тышкаркы рейтингинде биринчи сапка чыкты. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Буга чейин сап башында турган бразилиялык Аманда Нунес үчүнчү орунга түшүп калган. Ал эми экинчи орунга америкалык Роуз Намаюнас көтөрүлгөн.

Шевченко ошондой эле өзүнүн салмагындагы (57 кг) рейтингде дагы биринчи орунда турат.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко өзүнүн салмагындагы чемпиондук курун алтынчы ирет коргогон.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий