• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы ЖЭБди балансына өткөрүп алууга даяр эмес

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы ЖЭБди балансына өткөрүп алууга даяр эмес. Бул тууралуу Бишкектеги брифингдин жүрүшүндө мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Бишкек ЖЭБин шаар мэриясынын балансына өткөрүү тууралуу маселе көтөрүлгөн, бирок азырынча муниципалитет кабыл алууга даяр эмес.

"Объектти мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнү кабыл алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, атап айтканда, Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен жүзөгө ашырылат. Биздин жылдык бюджет 10 млрд сомду түзөт, ал эми ЖЭБди камсыздоого 5 млрд сом керек керектелет. Бизде каражат жетишсиз. Өткөрүп берүү маселеси каралган, бирок кабыл алуу маселеси талкууланууда”, - деди Адилет Малдыбаев.

Пикир

Оставить комментарий