• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Бишкекте Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө "Бишкек жашыл курулуш" ишканасынын кызматкерлери тарабынан дарыянын 12 800 погон метр аралыгы тазаланса, 2000 погон метри атайын техниканын жардамы менен тазаланды. Ишке 2 экскаватор жана 3 самосвал тартылган.

Белгилей кетсек, дарыяны механикалык тазалоо экосистеманы кыйла жакшыртат жана жаан-чачындуу мезгилде суу ташкындоо коркунучун азайтат.

Пикир

Оставить комментарий