• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Бишкекте алдыңкы балет солисти Элмира Кабатай кызынын чыгармачылык кечеси өтөт

Маданият 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бишкекте 3-ноябрда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында алдыңкы балет солисти КР эмгек сиңирген артисти Элмира Кабатай кызынын чыгармачылык кечеси өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечеде көрүүчүлөр Ф.Шопендин “Шопиньяна” жана Л.Минкустун “Пакита” аттуу бир актылуу балеттеринин жарашыктуулугу менен көркүнө, виртуоздугуна жана темпераментине күбө боло алышат.

Маалымат үчүн: Элмира Кабатай кызы - Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын бүтүрүүчүсү, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын хореография режиссурасы, ошондой эле Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери адистигин аяктаган. 1997-жылы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынын балет труппасына кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий