• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Атанын керээзи” Москвадагы кино фестивалда байгеге ээ болду

Маданият 0


Бишкек, 08.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Атанын керээзи” кыргыз тасмасы ХIV эл аралык “Нурлуу периште” кайрымдуулук кино фестивалында “Мыкты дебют” сыйлыгын алды.

Режиссер Дастан Жапар уулу билдиргендей, кино фестиваль 1-7-ноябрда Москвада “Кайрымдуу кино” чакырыгынын алдында өттү.

Быйыл фестивалга 460 тасма катышкан. Фестивалга Россия, Белорусия, Армения, Грузия, Италия, Ирак, Иран, Украина, Швеция, Кыргызстандын тасмалары катышты.

“Бул фестивалдын уюштуруучуларына ыраазычылык. Ошондой эле бизидн тасманы көрсөтүп, байгени алган Токтобек Усеновго чоң рахмат”, - деп белгиледи режиссер.

“Атанын керээзи” – режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун социалдык драмасы.

Пикир

Оставить комментарий