• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз театрынын артисттери Россиянын шаарларындагы гастролун ийгиликтүү аяктады

Маданият 0


Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет труппасы акыркы 25 жылда биринчи жолу Россиянын шаарларында гастролдо болуп, көптөгөн көрүүчүлөрдүн алкышына ээ болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында кыргыз театрынын башкы директору Алмаз Истамбаев билдирди.

Анын айтымында, 3-апрелде Екатеринбургда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чыгармачыл жамааты дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата концерт коюшту.

“6-апрелде Чебоксары шаарында өткөн XXVII Эл аралык балет фестивалында артисттерибиз дүйнөлүк премьера Б.Берлинердин “Генезис” балетин жана кыргыздын улуу чыгармасы “Саманчынын жолу” спектаклин тартуулашты. Программа Татарстандын борбору Казан шаарында коюлуп, 10-апрелде Москвада жыйынтыктоочу концерт менен аяктады, - деди башкы директор.

Артист Тилек Кийизбаев маалымат жыйын учурунда аларды Россиянын ар бир шаарында кол чабуулар менен тосуп алганын айтты.

“Мындай турду уюштуруу көп эмгекти талап кылат. Андыктан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. “Саманчынын жолу” спектакли мыкты коюлган. Анда жай баракат жашоодон согушка өткөн мезгил көрсөтүлгөн. Биз кайсы гана сахнада ойнобойлу Кыргызстандан келгенибизге сыймыктанып жаттык”, - деди Кийизбаев.

Пикир

Оставить комментарий