• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына арналган лирикалык кече өтөт

Маданият 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. 2021- жылдын 1-апрелинде Оштогу Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында XX кылымдын чыгаан акыны жана коомдук ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракесине арналган лирикалык кече өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара саат 16:00дө башталат.

Акын Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусундагы Кара-Суу районунунун Төлөйкөн айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин 1957-62-жылдары Бишкектеги И.Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун ветеринария бөлүмүнөн окуган.

Ал 1962-68-жылдарда Кара-Суу районунун “Катта-Талдык” совхозунда башкы ветврач болуп иштеген.

1968-69-жылдары Ош областтык радиокомитетинде улуу редактор болуп эмгектенген.

Москвадагы М.Горький атындагы институттун алдындагы жогорку курсунан (1969-71) билим алган.

1974-жылга чейин Ош облустук радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде редактор, Кыргызстан кинематографисттер союзунун жооптуу катчысы, республикалык Госкинонун башкы редактору, “Кыргызстан маданияты” редакциясынын поэзия бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин башкармасынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Ж.Мамытовдун алгачкы ыры 1954-жылы областтык “Ленин жолу” газетасына жарыяланып, кийин чыгармалары республикалык газет-журналдарда, альманахтарда жарык көргөн. Бир нече ырлар жыйнагы жарыяланган.

Ал 1988-жылы 48 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий