• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин чакан форматта жолугушуусу башталды

Саясат 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Ала-Арча мамлекеттик резиденциясынын «Аксакал» залында Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин чакан форматта жолугушуусу башталды.

Жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан-Россия эки тараптуу мамилелеринин бардык спектрлери талкуулашмакчы, атап айтканда бирдиктүү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле кызматташтык маселелеринин бардык комплекси боюнча мындан аркы карым-катыштын келечеги, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтык маселелери талкууланат.

Белгилей кетсек, бүгүн Россиянын Президенти Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген. Сапардын алкагында чакан жана кеңири форматта жолугушуулар жана бир катар документтерге кол коюулар күтүлүүдө.

Андан соң лидерлер биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий