• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Марипов Сауд Аравия ТИМ башчысынын орун басарына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын Тышкы иштер министринин орун басары Халид Фейсал Аль-Сехлиге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Х.Аль-Сехли элчи Улукбек Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын бул жогорку кызматта иштөөсү кыргыз-сауд мамилесин мындан ары ар тараптуу өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана бекемдөөгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде элчи Марипов дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Сауд Аравия Падышалыгынын ортосундагы ар тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча КР президенти Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Тараптар ошондой эле эки тараптын күн тартибинде турган актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги пландаштырылган сапарларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий