• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы бардык маселелерди четтетүүнү тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-мминистри Сапар Исаков кечээ, 11-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алкагында Казакстан Республикасынын президенти Нурсултун Назарбаев менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы бул жагдайдан Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары жабыр тартарын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдөн соң президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын Өкмөтүнө чек арадагы бардык маселелерди чечүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий