• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Евробиримдик Борбордук Азияны туруктуу өнөктөш катары көрөт - Ивета Григуле

Саясат 0

Брюссель, 21.11.18. /Кабар/. Евробиримдик Борбордук Азияны ак ниет жана туруктуу өнөктөш катары көрөт. Бул тууралуу Европарламенттин депутаты Ивета Григуле Брюсселдеги Борбор Азия журналисттери менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Мисалга ал саясат, коопсуздук, террорчулук жана баңгизат айлантуу менен күрөшүү багытындагы өнөктөштүктү белгилеп кетти.

“Евробиримдик мыйзамдын үстөмдүгү жана адам укуктары маселелерине көп көңүл бурат. Ар кыл багыттар боюнча, анын ичинде социалдык көмөк көрсөтүү жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселелери боюнча кызматташат. Бул багытта кызматташуунун дагы да күчөттүк”, - деди ал.

Ошондой эле Григуле борбордук-азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин ар биринин өз маданияты бар экендигин айтты.

“Бирок биз бирге алып барчу иштерди аныктадык. Бизди бириктирген нерселерди табышыбыз керек. Биз депутаттар менен жолугуп турабыз. Евробиримдиктеги бул апта Борбор Азия аты менен өтүп жатат”, - деп белгиледи депутат.

Пикир

Оставить комментарий