• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Кант диабети Кырызстанда: көйгөйлөр жана чечимдер” аталыштагы талкуу өтүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Бишкекте “Кант диабети Кырызстанда: көйгөйлөр жана чечимдер” аталышындагы тегерек стол өтүүдө.

Аталган иш-чаранын максаты – Кыргызстандын жети облусундагы кант диабети менен ооруган бейтаптарды дарылоо жана оорунун алдын алуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө каалаган жаран өзүнүн канындагы канттын көлөмүн аныктоо үчүн экспресс-тест өтүп, бир нече секунд ичинде жыйынтыгын билүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Ал эми ошол жерде олтурган дарыгерлер көрсөтүлгөн жыйынтыктар боюнча кайсынысы нормага кирет, ал эми кайсынысы нормага кирбей тургандыгын айтып беришүүдө.

Андан тышкары бул жерде артерия басымын да текшерүүгө болот.

Белгилей кетсек, 13нөн 21-ноябрга чейин кант диабетине каршы күрөшүү жумалыгы өтүүдө. Аталган жумалыктын алкагында баардык облустар боюнча массалык иш-чаралар, тегерек столдор жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий