Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда "Алыш” бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган "Гран-При" эл аралык мелдеши башталды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Украина, Индия жана Нидерландыдан келген 120дан ашык спортчу катышууда.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:
- эркектер арасында (эркин жана классикалык стиль): 60, 70, 80, 90, 100, +100 кг;
- кыз-келиндер арасында (эркин стиль): 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.
Эскерте кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.
Мелдештин жалпы байге фонду 1 млн сом.
Беттештер УТРК спорт теле каналында түз эфирден көрсөтүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий