• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Токио-2020: Акжол Махмудов жарым финалда армениялык балбан менен күч сынашат

Спорт 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Акжол Махмудов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын жарым финалында Европа чемпионатынын жана Европа оюндарынын күмүш байге ээси, 27 жаштагы армениялык Карапет Чальян менен күрөшөт. Бул тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Анын айтымында, беттеш бүгүн, 2-августта саат 15:15те башталат.

Эскерте кетсек, Токио шаарындагы Макухари Мессе Борборунда олимпиада оюндарында спорттук күрөш боюнча кыргыз балбандар Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков күч сынашууларга катышып, Азия чемпиону Акжол Махмудов жарым финалга чыкты.

Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта Кыргыз Республикасынын эл аралык спорт чебери Акжол Махмудов 1/8 финалда Тунис өлкөсүнүн өкүлү Ламьед Маафин менен күч сынашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 11:0 эсеби менен утуп алды.

Чейрек финалда кыргызстандык Акжол Махмудов 33 жаштагы дасыккан балбан, Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, дүйнө кубогунун жана Европа оюндарынын жеңүүчүсү, азербайжандык Рафиг Хусейновду дагы мөөнөтүнөн мурда 9:1 эсеби менен жеңип, жарым финалга чыкты.

Пикир

Оставить комментарий