• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Олимпиада-2022: Тандоо турундагы Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курамасынын атаандаштары белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 2022-жылы боло турган кышкы олимпиадага чыгуу үчүн оюн өткөhөт. Кимдер менен беттешээрин хоккей боюнча Федерациянын вице-президенти Элзар Болотбеков сөз кылды.

Анын айтымында, квалификациялык оюндар Люксембургда ушул жылдын 7-10-ноябрь аралыгында орун алат. Оюн үч этаптан өткөрүлөт.

Кыргызстан "N" тайпасына туш келди. Анда Бириккен араб эмирлиги, Босния жана Герцеговина, Люксембург командалары орун алды. Беттештин жыйынтыгында кайсы улуттук команда көп упай топтосо кийинки баскычка өтөт.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курамасы машыгууну сентябрь айында баштайт.

Пикир

Оставить комментарий