UWW башчысы Ненад Лалович: Кыргызстанда күрөштүн келечеги чоң

Спорт 0

Бишкек, 21.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. United World Wrestling эл аралык күрөш федерациясынын президенти Ненад Лалович Бишкектеги маалымат жыйынында Кыргызстанда күрөштүн келечеги чоң экенин белгиледи.

Анын айтымында, Бишкектеги Азия чемпионатынын өтүшү өлкөдө бул спорттун түрү өнүккөнүн айгинелейт.

"Кыргызстанда күрөштүн келечеги бар жана спорттун бул түрүнө кызыгуу күч экен. Президент Садыр Жапаров менен жолугушууда дагы өлкө башчынын кызыгуусу бар экенин байкадым", - дейт ал.

Лалович кошумчалагандай, Кыргыз балбандарынын күрөштөгү жетишкендиктери Азияда бул спорттун өнүгүүсүнө түрткү берүүдө.

Эскерте кетсек, 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча U-17 жана U-23 Азия чемпионаты өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий