Бишкекте арак заводдорунун биринин салык төлөөдөн качуу аракетине бөгөт коюлду

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкекте алкоголдук продукцияны өндүрүүдө аз көлөмдөгү акциздик маркалар менен маркалоо жолу аркылуу арак-шарап заводдорунун бири тарабынан тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу аракетине бөгөт коюшту.

Ведомстводон билдиргендей, сыйымдуулугу 0,7 литр болгон 2 916 бөтөлкө LEVEL арактарына 0,25 литр көлөмүндөгү акциздик маркалар, ал эми 0,5 литр көлөмүндөгү 384 бөтөлкө “Кыргызстан” коньягына 0,2 литр көлөмүнө берилген акциздик маркалар чапталганы аныкталган.

Аныкталган бузуулар боюнча материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди.

"Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык, акциздик продукцияны түрлөрү, аталыштары жана сыйымдуулугу (алкоголдук буюмдар үчүн) боюнча маркалоо салык кызматынын органынын акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечиминде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул жобонун талаптарынан четтөө менен маркаланган продукция маркаланбаган катары каралат.

Пикир

Оставить комментарий