• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президенттин администрациясы “Сот адилеттиги системасындагы укуктук муктаждыктарды баалоо” изилдөөсү боюнча тегерек стол өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын 11-октябрында КР президентинин администрациясы тегерек стол уюштуруп, анда калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасында, сот адилеттигин уюштуруу кызматын көрсөтүү сапатын жогорулатууда, конфликттерди чечүүнүн соттон тышкаркы жана сотко чейинки ыкмаларын жана формаларын өнүктүрүүдө аныкталган көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында "Сот адилеттиги системасындагы укуктук муктаждыктарды баалоо" изилдөөсүнүн жыйынтыктары көрсөтүлүп, талкууланды.

2022-жылдын май айында КР президентинин администрациясынын демилгеси менен сот адилеттик органдары жана институттары, ошондой эле башка уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча калктын укуктук муктаждыктарын изилдөө башталган. Кырдаалды изилдөө, так далилдерди алуу жана аны талдоо мамлекеттик бийлик органдарына сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүүдө аныкталган көйгөйлөрдү, тоскоолдуктарды чечүүгө өз күч-аракетин даректүү багыттоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле изилдөөнүн корутундулары дүйнөлүк экономикадагы жана саясаттагы жаңы чакырыктарды жана тенденцияларды эске алуу менен калкка түздөн-түз ушундай кызматтарды көрсөткөн судьялардын, прокурорлордун, адвокаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуусун туура багыттоого жардам берет.

Изилдөө КР Улуттук статистика комитетинин Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунун, USAID "Укук Булагы" долбоорунун техникалык колдоосу менен "Ребикон" изилдөө компаниясынын катышуусунда жүргүзүлгөн.

Тегерек столго КР Жогорку сотунун, прокуратуранын, министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, адвокаттардын, жарандык коомдун, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында КР президентинин администрациясында мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун катышуусу менен кезектеги тегерек стол өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий