• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Министр Уланбек Мамбетакунов Кореядагы кыргызстандык студенттер менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Кореядагы кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу министр Мамбетакунов, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев жана Баткен мамлекеттик университетинин Санарип бөлүмүнүн башчысы Замирбек Бекмаматовдун Кореянын Ханбат мамлекеттик университетине атайын иш сапарынын алкагында уюштурулду.

Министр баштаган делегация мүчөлөрү Ханбат мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу жайдын жетекчилиги менен тыгыз кызматташуу маселелерин талкуулады.

Уланбек Мамбетакунов иш сапарынын алкагында Ханбат мамлекеттик университетинде билим алган кыргызстандык студенттер менен жолугушуп, окууларына ийгиликтерди каалады.

Министр университеттин жетекчилиги менен болгон жолугушууда квоталык орундарды көбөйтүү, академиялык алмашуу, студенттерди алмашуу программаларын уюштурууга кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле ал Корея инновациялык лидер өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, КР Билим берүү жана илим министрлиги IT багытта инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым ачык экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий