• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте арчаларды дарылоо иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарында бак-дарак мителерине каршы күрөш уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери КР Улуттук илимдер академиясынын алдыңкы энтомологдорунун бири Иван Хегай менен биргеликте борбор калаанын арчаларын кезектеги текшерүүдөн өткөрүштү.

Тилекке каршы, мите курттардан жапа чеккен бак-дарактардын саны дени сак бактардан кем эмес. Иш-чаранын жүрүшүндө арча курту жана кабык жегич коңуздары табылды.

Белгилей кетсек, жакынкы жумада борбор калаанын багбандары арчаларды энотомологдордун сунуштары боюнча дарылай баштайт.

Пикир

Оставить комментарий