• 88.68
  • 95
  • 0.95

Комуз күнүнө карата ЖӨБЭММАда майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде (ЖӨБЭММА) Комуз күнүнө арналган ммайрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын курамына кирген “Түгөлбай Ата” коомдук бирикмесинин төрайымы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анаркүл Есенгулова жана ушул эле коомдук бирикменин мүчөсү Набиля Абдылдаева, ырчы, дастанчы Азиз Батыров катышты.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө меймандар комузда кол ойнотушуп, А. Огонбаевдин “Маш Камбаркан”, А. Айталиевдин “Ак-шоокум” күүлөрүн, Р. Абдыкадыровдун “Таанышыңдай карагын” ырын тартуулашты. Агенттиктин директору Бахтияр Салиев меймандарга мекеменин атынан ыраазычылык каттарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

"Агенттиктин директору комуздун кыргыз элинин өнүгүшүндөгү мааниси жөнүндө айтып, Кыргызстандын белгилүү комузчулары тууралуу айтып берди. Бул иш-чара катышуучуларга үч кыл комуз менен жаралган ааламдын рухун жана кыргыз музыкалык фольклорунун көркүн ачты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий