• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Бишкекжарык" ишканасынын автопаркы жаңы техника менен толукталды

Коом 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын автопаркы жаңы атайын техника менен толукталды.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, ишканага 3 автомунара алынды. Алар - Isuzu DLQ5022JGKJ5 үлгүсүндөгү 2 автомунара, Dongfeng EQ1060TJ20D3 үлгүсүндөгү 1 автомунара.

Учурда ишкананын бригадасы автомунараларды иш жүзүндө сынап жатат.

Белгиленгендей, беш орундуу унаалар авария болгон же шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу тармактары бузулган жерде жумуштарды ыкчам аткарууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий