• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ИИМдин аппаратында АКШнын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 20.01.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун Борбордук Азиядагы өкүлү - Укуктук маселелер боюнча атташеси Хэзер Тирни жана Кыргызстандагы элчилигинин коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы Ричард Данн менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар укук коргоо тармагындагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоону талкуулашты.

"АКШнын Федералдык тергөө бюросу кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана санариптик криминалистика тармагында эбегейсиз чоң потенциалга жана тажрыйбага ээ. Сиздин практикалык жөндөмүңүздү жана билимиңизди үйрөнүү биз үчүн абдан пайдалуу болот.

Мындан тышкары, КР Ички иштер министрлиги менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын оң динамикасын белгилегим келет", - деп баса белгиледи Нурбек Жангабылов.

Жолугушуунун соңунда тараптар ачык өз ара аракеттенүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий