• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Шопоковдо мугалимдердин башка динди мажбурлап окутуусу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Чүйдүн Шопоков шаарындагы жайгашкан колледждердин биринин студенттеринин кайрылуусу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 28-декабрда болжол менен саат 15:20да милиция кызматкерлери тарабынан интернет сайттарына мониторинг жургүзүү учурунда Сокулук районунун Шопоков шаарындагы билим берүү мекемелеринин биринин студенттеринин кайрылуусу аныкталган.

“Студенттер колледждин мугалимдери аларга башка диний китептерди мажбурлап окутуп жаткандыгын билдиришкен. Эгерде аны окубаса окуу жайдан кетирүүгө мажбурлоо тууралуу айтып чыгышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Сокулук райондук милициясы тарабынан катталып, териштирүү иштери башталган.

Учурда окуяны ар тараптуу териштирүү үчүн ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий