• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кыз уурдаган балдар камерага түшүп калган

Коом 0

Бишкек, 7-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектин Ахунбаев жана Юнисалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болжолу менен саат 9:45 чамаларында бейтааныш адамдар бир кызды уурдап кеткени камерага түшүп калган.

ШИИБ билдиргендей, уурдалды делген кыз эжеси менен дүкөндөгү кызматынан чыгып үйүнө бара жатып, сүйлөшкөн баласына жолугуп калган. Кыска сүйлөшүүлөрдөн кийин анын жигити башка балдар менен биригип “Мерцедес Бенц” үлгүсүндөгү унаага кызды салып, белгисиз тарапка алып кеткен.

Маалым болгондой, уурдалган кыздын эжеси ИИМге арыз жазган. Ал милиция кызматкерлерине окуяны айтып берген.

“Милиция кызматкерлери уурдалган кыз менен байланышканын, анын Таласта экенин жакынкы күндөрү ал сурак бергени Бишкекке келээрин билдирди. Ошондой эле, милиция кызматкерлери кызды уурдагандардын жашаган жерин жана алардын өздүгүн тактоо иштерин аткарууда. Азырынча кызды үйлөнүү максатында уурдаганын так айтуу кыйын”,-деп билдирди ШИИБ.

Пикир

Оставить комментарий