• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте КР Эл артисти Талгарбек Жакшылыков акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Бүгүн КР Эл артисти, чыгаан опера ырчысы, А. Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыктын лауреаты, доцент Талгарбек Жакшылыков акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов баштаган расмий өкүлдөр, кесиптештери, жакындары жана кеңири коомчулук катышты.

Чыгып сүйлөгөндөр Талгарбек Жакшылыковду студент кезинен чыгармачылыкка аралашып, алгач А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында хор артисти катары иштеп баштап, театрдын жетектөөчү солисти, опера труппасынын инспектору кызматын айкалыштырып иштегенин, өзгөчө үнү менен айырмаланган Талгарбек Жакшылыковдун дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун эң татаал делген партиянын бөлүктөрүн ырларын‚ романстарын чебер аткарып, коомчулукка таанылганын эскеришти.

Ал Кыргызстанда гана эмес, эл аралык деңгээлде таанылган талант, өз өмүрүн музыка эле эмес, агартуучулукка арнап, артынан нечендеген муундарды тарбиялап, өмүрүн акырына чейин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында эмгектенгени, чыгармачылык жолунда Италиядан стажировкадан өтүп, кесиптик билимин жогорулатуунун үстүндө да талыкпай изденгенин, өз ишинин кесипкөйү жана анын адамгерчилик айтылды.

Эл артисти Талгарбек Жакшылыковдун сөөгү Ала- Арча көрүстөнүнө жерге берилди.

Пикир

Оставить комментарий