• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Бишкектин Эмен паркында 26-апрелде артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтөт. Ага 9 колледж жана 22 кесиптик лицей катышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Иш-чарада 9-10-11-класстардын окуучуларына суроо-талапка ээ болгон кесиптер, кесиптик билим берүү мекемелери менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Фестивалдын максаты – артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын колдоо, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу”, - деп белгиледи министрлик.

Фестивалда көргөзмө, конкурс, викториналар, студенттердин мода көрсөтүүлөрү, иш берүүчүлөрдүн жана окуу жайлардын чыгармачыл жамааттарынын ыр-бий номерлери тартууланат.

Белгилей кетсек, иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий