Бишкекте курсанттар ант бергенден кийин жол кырсыгына кабылышты – видео

Кырсык 0


Бишкек, 27.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Ар кандай жараат алган 9 жабырлануучу биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине жаткырылды, калгандары аскер госпиталында аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө, абалдары канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий