• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында 4 кыргызстандык бар

Коом 0

Бишкек, 27.08.22 /Кабар/. Казакстандагы кырсыктан жабыркагандардын арасында 4 кыргызстандык бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, бүгүн, 27-августта саат 06:40та Батыш Кытай - Батыш Европа унаа жолунун 601-чакырымында Түлкүбас районунун Шапак-Баба айылына кире бериште автобустун айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, арыкка түшүп кеткен.

Кырсыктан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын 4 жараны бар, алар ар кандай жаракаттар менен Түлкүбас районунун Т.Рыскулов айылынын борбордук райондук ооруканасына жаткырылган:

1. А.З.А., 1978-жылы туулган;

2. Т.у.Т, 1989-жылы туулган;

3. Э.С., 1985-жылы туулган.;

4. М.Б.Т., 1997-жылы туулган.

Жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бул окуя Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси менен каттоого алынган.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Казакстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатканын, ошондой эле окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Ооруканага жаткырылган КР жарандарынын ден соолугунун абалы көзөмөлгө алынат.

Пикир

Оставить комментарий