• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда «Ташкент – Бишкек» багыты боюнча каттаган автобус кырсыкка кабылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.08.22. /Кабар/. Казакстандын Түркестан облусунда «Ташкент – Бишкек» багыты боюнча каттаган автобус кырсыкка кабылып, 12 адам оор жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстан тараптын маалыматына караганда, кырсык тууралуу билдирүү саат 07:18те Түлкүбасс райондук милициясына түшкөн. Милиция кызматкерлери кырсык болгон жерге келишип, өзбекстандык Mironshox Grand Trans компания чыгарган автобус Шакпак айылынын аймагында жолдон чыгып кеткенин аныкташкан.

«Автобуста чет өлкөлүк жарандар болгон. Кырсыктын кесепетинен оор жаракат алган 12 адам жакынкы ооруканага жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты жол эрежесин бузуу же транспорт каражаттарын пайдалануудагы этиятсыздык менен адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирүү катары катталды. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Экспертиза дайындалды.

Эскерте кетсек, автобус 26-августта саат 22:00дө Ташкент автобекетинен чыккан, анда 2 айдоочу жана 47 жүргүнчү болгон.

Пикир

Оставить комментарий