• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду

Кырсык 0


Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Күн мурун, 2-апрелде болжол менен саат 15:30да Ош – Раззаков унаа жолунун 149-чакырымында “Тойота Форранер” жана “Опель Вектра” унаалары кагышып, эки унаа тең күйүп кеткен.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан агенттикке билдиришкендей, жол танбадас каршы тилкеге чыгып, жеңил унаа менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен “Опель Вектра” унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жеринде каза болгон. Жол тандабастын айдоочусу жана жүргүнчүсү ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий