Бишкекте аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында аскердик кармашып урушуу боюнча “Мен патриот” эл аралык мелдеши старт алды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, иш-чара 1999-2022-жылдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:

  • Эркектер: 57, 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, +90 кг;
  • Кыз-келиндер: 60, 65, 70, +70 кг.

Спорттук иш-чара эртең, 28-майда жыйынтыкталат. Мелдешке жалпы 258 спортчу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий