• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте аскердик кол кармаш урушу боюнча турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарында өспүрүмдөр жана жаштар арасында аскердик кол кармаш урушу боюнча турнир өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чара Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асановдун жаркын элесине арналып уюштурулду.

Турнирге 300дөн ашуун спортчу жана Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан келген 20дан ашуун команда катышты.

Белгилей кетсек, мелдештин байге фонду 300 миң сомдон ашты.

Турнирдин максаты Кыргызстанда аскердик кол кармаш урушун жайылтуу, жаштарды армияга жана күч түзүмдөрүнө даярдоо, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, ошондой эле жаштар арасында спортту жана дени сак жашоо образын жайылтуу болуп саналат.

Командалык эсеп (жаштар):
1-орун – «Бөрү Баткен»;
2-орун – «Скорпион» (Токмок);
3-орун – Улуттук Гвардия.

Өспүрүмдөр жана жаштар:
1-орун – КНВЛ;
2-орун –«Жолборс Тайм» СК;
3-орун –«Ак Барс» СК.

Пикир

Оставить комментарий