• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандын таэквондочулары Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Спорт 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын таэквондочулары таэквондо WT боюнча өспүрүмдөр жана кадеттер арасындагы Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Чемпионат 2-8-сентябрь күндөрү Ливандын Бейрут шаарында өткөн. Ага 30 өлкөдөн 300гө жакын спортчу катышты.

Кыргызстандын таэквондочулары өлкөнүн тарыхында биринчи жолу беделдүү турнирдин жеңүүчүлөрү болушту. Алар: Абдулазим Абдурахимов 78 килограммдан жогорку категорияда коло медаль, Айзирек Курманбекова коло, ал эми Богдан Пягай күмүш медалдын ээси болду.

Аталган спортчулардын машыктыруучулары: Азим Таджибаев, Дмитрий Ли, Адилхан Абдрахимов жана Искендер Осмонов.

Пикир

Оставить комментарий